• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандагы 64 окуу жай абитуриенттерди кабыл алууда

28 Теке 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы 64 окуу жай абитуриенттерди кабыл алууда. Билим беруү жана илим министрлигинен эскертишкендей, абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтынын статистика бөлүмүндө ар бир университеттин факультеттеринин тизмеси менен тааныша алат.

Анда тапшыруу шарттары, контракттын баасы жана кеңири маалымат алуу үчүн байланыштар көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 27-июлдан баштап жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II туру башталган. III тур 3-5-август күндөрү өтөт. Абитуриенттер 5-август саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү тапшырып бүтүшү шарт.

Ал эми ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун I турунда (20-22-июль) «Абитуриент Онлайн» системасына 30 173 талон келип түшкөн. Анын 12 миң 121и бюджеттик орундарга, 18 052 талон келишимдик негизде билим алууга. 10 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады. Анын 2 миң 301и бюджеттик орундарда, 8 миң 626сы келишимдик негизде билим ала алат.

Количество просмотров: 100