• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы эки окуу жайда бомба коюлгандыгы маалымдалды

17 Аяк оона 202412:55 Бишкек Govori.TV

17-сентябрда саат 09:50 чамасында Кыргыз Улуттук консерваториясына жардыруучу зат коюлган деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Коопсуздук үчүн аталган жай курчоого алынып, бардык студенттер сыртка чыгарылган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, имараттан эч нерсе табылган эмес. Студенттер жана мугалимдер имаратка киргизилип, окуу улантылды. Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына катталып, чогултулган текшерүүнүн материалдары УКМКга жөнөтүлөт.

Ал эми Эл аралык жогорку медицина мектебинин электрондук почтасына саат 10:20 чамасында имаратка бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Имараттын ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып, окуу жай курчоого алынды. Азыркы тапта тийиштүү издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтутунун имаратына бомба түштү деген маалымат келип түшкөнү кабарланган.

Количество просмотров: 179