• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Оштон Бишкекке жөө чыккандар Суусамырга жетти

7 Тогуздун айы 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Оштон Бишкекке жөө жүрүшкө аттанган Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын төрт тургуну Суусамыр өрөөнүнө жетти.

«Суусамырдын ичинде бара жатабыз. Күн өтө суук, кар жаап жатат. Кечээ акыйкатчынын өкүлдөрү Кара-Көл шаарынан жолугуп, арыз-муңубузду угуп, документтерибизди алып кетишти. Андан бери эч ким кабар алган жок», — деди жүрүшкө чыккандардын бири Кыял Арстанов.

Дыйкан-Кыштак айылынын 12 тургуну соттун үйлөрүн бузуу тууралуу чечимине нааразы болуп, 1-октябрда борбор калааны көздөй жөө чыккан. Алардын жарымы артка кайтып, төртөө калган.

Бишкекке жөө келе жаткандар Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов баштаган бир катар аткаминерлерди жазага тартуу талабын коюшууда. Алар жер талашка мурдагы аким жана айыл өкмөттөр күнөөлүү деген пикирде.

Жергиликтүү бийлик болсо тургундардын үйүн буздуруу боюнча соттун чечими мыйзамдуу болгонун айтууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган. 2020-жылдын октябрь айынан кийин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү ал кызматтан кеткенин билдирген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 7041