Бишкек. 19.07.2019. Govori.TV
Коомдук транспорттордун жеке же мамлекеттик экенине карбай бирдей талап коюлат. Мындай пикирин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы бир катар коомдук транспорттордун санитардык-техникалык нормалары жана эрежелеринин сакталышына карата текшерүү жүргүзүү учурунда билдирди.
Калаа башчысы жеке өзү жол жээгинде эл ташыган кичи жана чоң автобустарды токтотуп текшерди.