Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун бир тууган агасы Камбараалы Сарыбашов 62 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, агасы Камбараалы Сарыбашов мындан бир жума мурда ооруканага жаткан.
Калаа башчынын бир тууганы дүйнө салгандыгына байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтты.