• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Ош мэри тургундарды таза суу менен камсыз кылуунун кандай жолун тапты?

1 Кулжа 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы көйгөйлөрдүн негизгилеринин бир таза суу маселеси. Бул тууралуу Ош шаарышыш мэри Алмаз Мамбетов Govori.TVга курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурларда бул көйгөйдү чечүүгө олуттуу көңүл бурулууда.

«Суу маселеси бизде 10-20 жылдан бери келе жаткан чоң көйгөй болчу. Аны чечүү аракетин мага чейинки мэрлер деле кылышкан. Эми буйурган окшойт, чечүү керек… Суу маселесин чечүүнүн түз жолуна түштүк десем болот. Жакында Азия өнүктүрүү банкынын грант түрүндөгү бөлүнгөн каражаты менен июль айынан кечиктирбей иштерди баштайлы деп жатабыз. Мындан тышкары эки жуманын ичинде мембрандык тазалоо ыкмасын колдонуп көрүүнү пландап жатабыз. Ошол ыкма менен биз кичистанциясын алып келип коюп көрөлү деп жатабыз, эгер жакшы көрсөткүч болсо тиешелүү жактарга, ошол эле Министрлер кабинетине, президентибизге кайрылабыз», — деди мэр.

Мэр кошумчалагандай, Азия банкы бөлгөн каражат менен булганган тоо сууларынан сактоо үчүн түтүкчөлөр курулат.

«3 миллион доллар грант бөлүнгөн, жакынкы арада тендер өткөрөбүз. Иш көп убакыт кармалып калбасын деген максатта тендерди экиге бөлүп жатабыз. Курулуш иши менен жабдыктарды алып келүү иши бири-бирине тоскоолдук жаратпоосу керек болуп жатат», — деди Мамбетов.

Количество просмотров: 741