Ош шаардык муниципалдык ишканасынын «Ош-Тазалык» директору Нургазы Акматов өз каалоосу менен жумуштан кетти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Анын айтымында, МИнин башчысы жөө рейддерден чарчаган.
«Иштей албайм, чарчадым деди. Эртеден кечке баса албайм дейт. Ал кабинетте отуруп назик болуп калган. Булар кеңсе адамдары, биз көчө адамдарыбыз. Таманы жарылып кеткенине даттанды», — деди мэр.
Нургазы Акматов үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган. Анын кызматтан кеткенден кийин ишкананын директорунун милдетин убактылуу анын орун басары Жылдызбек Кочконов аткарууда.