• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов камакка алынды

24 Теке 202412:42 Бишкек Govori.TV

Оштун мурдагы вице-мэри бир канча чуулуу маселелерде аты аталган Жасур Азимов УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук сотунан билдиришти.

Жасур Азимов «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелүүдө. Ал соттун 20-июлдагы токтому менен 18-сентябрга чейин камакка алынды.

Ал вице-мэрлик кызматтан 2023-жылдын апрелинде кеткен. Ал ал курулуш жана муниципалдык менчик тармагын караган. 5 жылга чукул иштеген.

Количество просмотров: 115