Бишкек. 29.08.2019. Govori.TV
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун мас абалында унаа башкарып, жол коопсуздугун көзөмөлдө кызматкерлери тарабынан токтотулган видеосу тарады. Анда, вице-мэрди тааныган эле жигит, аны уяткарып, «Тартпа»,- дегенине карбай тартып шылдыңдагандай. Бардык кыйымылды кол телефонуна тарткан жигит, Азимовду акырына чейин коштоп, бийкеч менен жолдун жээгинде баратса да «Такси чакырып берейин»,- деп тамашага салган.
Бирок, Жасур Азимов айыбын моюнуна алып, унаасын атайын токтотуучу жайга калтырып жөө кетип жатканы көрүнүп турат.