Оштун вице-мэри Шакир Зулимов кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганын жокко чыгарды
Оштун вице-мэри Шакир Зулимов кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазганын жокко чыгарды
28 Аяк оона 201815:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.
Ош шаарынын вице-мэри Зулимов Шакир Мулашевич ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өз каалоосу менен арыз жазганын Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы тастыктаган. Бирок бул маалыматты Ш.Зулимов өзү жокко чыгарып жатат. Бул туурасында turmush сайты жазып чыкты.
Мэриянын басма сөз кызматы азырынча вице-мэрликтен бошотуу тууралуу буйрук чыгарыла электигин билдирген. Маалым болгондой, учурда Шакир Зулимов эмгек өргүүдө жүрөт.
Ал эми вице-мэри Шакир Зулимов: «Мен 24-сентябрь күнү 1 айга эмгек өргүүгө чыгууга гана арыз жазгам. Иштен кетүү боюнча арыз жазган жокмун», — деди.
Белгилей кетсек, Шакир Зулимов 2017-жылдын 17-февралында Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалган.
Ш.Зулимов ага чейин шаардын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын жетектеп келген. Ага чейин Ош шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болчу. Шаардык кеңешке чейин Ош шаардык мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектесе, андан мурда Ош ШИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга узатылган.
Ш.Зулимов 2010-жылдагы июнь окуясында оор жаракат алып, 2015-жылы мамлекет тарабынан 3 бөлмөлүү батир берилген. Ал 2 баласы, неберелери бар.