• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Отунбаев Орусиянын ТИМ башчысы Лавров менен жолукту

24 Үчтүн айы 2019 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министирлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Лавров саясий кызматташтыкты колдоо боюнча чоң иштер жасалгандыгын белгилеп, миграциялык чөйрөдө биргелешип иш алып баруу керектигине токтолду. Ошондой эле Отунбаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун аягында өлкө президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик иш сапарын уюштурууда байланыштарды бекемдөө керектигин белгилешти.

Болот Отунбаев 2016-жылдан бери өлкөнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеди. Учурда бул кызматка Аликбек Жекшенкулов дайындалды.

Болот Отунбаев дипломатиялык миссиясын АКШдагы элчи катары уланта турган болду.

Количество просмотров: 22