• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Лавров: Украинада европалык тынчтык контингентин жайгаштыруу НАТОнун чыр-чатакка түздөн-түз расмий кийлигишүүсүн билдирет

6 Жалган куран 202518:11 Бишкек Govori.TV

Москва Украинанын аймагына европалык тынчтык орнотуучу контингентин жайгаштыруу маселеси боюнча компромисске жол жок деп эсептейт, мындай кадам Орусия менен болгон чыр-чатакка түздөн-түз расмий кийлигишүүнү билдирет, деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

«Бул талкуу ачыктан-ачык душмандык максатта жүрүп жатат, алар мунун эмне үчүн керек экенин жашырышпайт», — деди Лавров Москвадагы маалымат жыйынында.

Министрдин айтымында, орус тарап «бул аскерлердин Украинанын аймагында болушун НАТО Украинага киргендей эле карайт».

«Биз мындай аракетти байкап отурбайбыз, бул мындан ары гибрид эмес, НАТО өлкөлөрүнүн Орусия Федерациясына каршы согушка түздөн-түз кийлигишүүсүн билдирет», — деди Лавров.

Ал белгилегендей, кандай желектер болбосун — улуттук же Евробиримдиктин желеги — мындай континенттерди жайгаштыруу сунушталып жатат, «бул баары бир НАТОнун аскерлери болот».

Количество просмотров: 371