• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Отунбаева: Бийликте тез арада баш аягын ордуна коюп, элди тынчыта турган жооп болушу керек

26 Жетинин айы 201915:02 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Роза Отунбаева Азаттыктын коррупция боюнча иликтөөсүнө байланыштуу жеке пикирин билдирди.

Анын айтымында, бийликте тез арада баш-аягын ордуна коюп, элди тынчыта турган жооп болушу керек.

«Өкмөт сөзсүз тез арада чараларды көрүш керек. Менин жеке пикиримде ар бир министрлик өздөрүнүн ишин тыкыр карап чыгуусу зарыл. Бара-бара бизде дагы тажрыйба топтолуп жатат. Ушундай иштер пайда болгондо, тез арада баш-аягын ордуна коюп, элди тынчтандыра турган жооп болуш керек. Чын эле мамлекетибиз ордунда, бийлик сабаттуу, көп нерсени билет деген иш-аракеттерди жасашы абзел»,-деди экс-президент Роза Отунбаева.

Количество просмотров: 415