Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаев иликтеп кеткен иштер жаш журналисттерге үлгү боло турганын белгилеп, өлкөдө коррупцияны иликтөөгө алган журналисттер көп болушу керек экенин айтты. Отунбаева жаш журналисттерди Эгизбаевдин ишин улантууга чакырды.
Мындан тышкары экс-президент коррупция менен күрөшүү өтө оор экенин белгилеп, коррупция азыркы тарап жаткан коронавирустан да коркунучтуу экенин айтты.