• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Отунбаева Жапаровду жеңиши менен куттуктады

15 Үчтүн айы 2021 14:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады.

Отунбаева Жапаровду өлкө өтө оор социалдык жана экономикалык кризиске туш болуп турган кезде келип жатканын айтып, элдин үмүтү жана келечекке болгон ишеними аны менен байланышта болуп турганын белгилеген.

Роза Отунбаеванын куттуктоо сөзүн толугу менен төмөндө беребиз:

“Урматтуу Садыр Нуркожоевичсизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна шайланышыңыз менен чын ыкластан куттуктайм! Бул кызматка өлкө өтө оор социалдык жана экономикалык кризиске тушугуп турган кезде келип жатасыз. Учурда элдин үмүтү жана келечекке болгон ишеними Сиз менен байланышта болуп турганын өткөн шайлоонун жыйынтыгы таасын көрсөттү, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушуна ээ болдуңуз. Алдыда татаал реформалар турат. Менин терең ишенимимде ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүү менен колдоо көрсөтө алсак гана ийгилик болот. Элибиз “жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” – дейт эмеспи.  Коомдогу бардык күчтөрдүн башын бир максатка бириктирип, бир багытка баштоого дараметиңиз жете турганына, Сиздин жетекчилик менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отузунчу жылы чоң бурулуштардын жылы боло турганына  ишенем”, – деп жазган экс-президент Отунбаева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров добуштардын 79 % ашыгын алды.

Количество просмотров: 129