• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

«Oyan, Qazaqstan» кыймылы камактагы активисттерди бошотууну талап кылды

12 Бугу 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

«Oyan, Qazaqstan» жарандык кыймылынын өкүлдөрү 15 суткага камалган активисттер Дархан Шарипов менен Влада Ермольчеваны бошотууну талап кылышты.

«Дархан менен Владаны дем алыш күнү кечинде болушунча жашыруун соттошту. Аларга протоколдун көчүрмөсү да, камакка алуу тууралуу токтом да берилген эмес. Активисттер бошотулушу керек. Биз Владанын ачкачылык жарыялоо чечимин колдойбуз», – деди кыймылдын мүчөсү Жанель Шаханова.

12-майда басма сөз жыйынын өткөргөн «Oyan, Qazaqstan’дын» өкүлдөрү кыймылдын мүчөлөрү 2019-жылдан бери түрдүү куугунтуктарга, басымга жана аңдууларга туш болуп келатканын белгилеп, бийликтен мындай аракеттерди токтотууну талап кылышты.

«Oyan, Qazaqstan» кыймылынын активисттери Дархан Шарипов менен Влада Ермольчева 6-майда Алматыда кармалып, көчмө соттун чечими менен экөө тең 15 суткага камакка алынган.

Анда Ермольчева 26-мартта, Шарипов былтыр ноябрда нааразылык акциясына чыкканы үчүн камалганы кабарланган.

Быйыл 19-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо байкоочу болгон Ермольчева 26-мартта нааразылык акциясына чыккан. Шарипов былтыр ноябрда «Таза шайлоо үчүн» деген ураан менен өткөн акцияга катышкан.

11-майда камакта отурган Влада Ермольчева ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Количество просмотров: 67