Нарындын Кеңеш айылында мектептин оюн аянтчысындагы темирге окуучу кыздын манжасы кыпчылып калган. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, маалымат түшкөн дарекке үч куткаруучу жардамга барган.

Жогоруда аталган айылдын мектебиндеги аянтчада айылдын 10 жаштагы К.А. аттуу кызы ойноп аткан кезде манжасы темирге кыпчылып калганы белгилүү болгон. Куткаруучулар кыздын кыпчылып калган манжасын чыгарып, жардам көрсөтүшкөн.