• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Оюндан чыккан от. Милиция кызды көтөрүп чапкан жигиттин өздүгүн тактады

12 Үчтүн айы 2018 18:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.01.18. Govori.TV
Укук коргоо кызматкерлери жаш кызды көтөрүп чапкан жигиттин өздүгүн тактап, окуя кайсы жерде болгондугун аныктаган. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирет.
Укук коргоо органдары тарабынан мурда күнү интернет айдыңына тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылаган жигит менен кызды таап, бул окуя Талас шаарындагы Ч.Айтматов атындагы аллеяда болгондугун аныктаган.

ИИМдин маалыматына ылайык, жигит менен кыз жашы 18 толо элек өспүрүмдөр. Учурда алардын өздүгү такталып,Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жашы жетелек өсупүрүмдөр менен иш алып баруу бөлүмү иш алып барып жатат.

“Жигит менен кыз орто окуу жайларынын биринде чогуу окушат,видеого аларды группалашы тартып алган. Окуянын катышуучуларынын айтмында алар жөн гана бири бири менен ойноп жатышкан. Кыз эч кандай жаракат алган эмес, жана жигиттин үстүнөн арызданбай тургандыгын айткан.

ИИМ дин билдиргенине караганда, учурда бул факты боюнча административдик протоколдор түзүлүп, жигит каттоого алынган.

Эскерте кетсек, 9 январда интернет айдыңында кызуу талкууга түшкөн видеороликте жаш жигит кызды көтөрүп чаап, жыйынтыгында кыз төбөсү менен жерге сайылган.

Количество просмотров: 10