• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Пакистанда аскердик учак кулап, 19 адам каза тапты

30 Теке 2019 14:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Пакистандын түндүк-чыгышында аскердик учак кулап, 19 адам каза болуп, кеминде 16 адам жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, көз жумгандардын арасында жергиликтүү жарандар жана 2 пилот менен экипаждын 3 мүчөсү болгон. Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Аскер авиациясына таандык учак машыгуу окууларын жүргүзүп жаткан. Учак кулагандан кийин өрттөнүп, өрт жакын жайгашкан турак жайларга өткөн. Учак эмне себептен кулагандыгы азырынча айтыла элек.

Количество просмотров: 19