Пакистанда жума күнү, 29-сентябрдагы эки мечиттеги катуу жардырууда ондогон адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды.
Биринчи жардыруу Белужистан провинциясында орун алды. Баштапкы маалыматтарга караганда кол салууда 50дөн ашык кишинин өмүрү кыйылып, жүздөй тургун жараат алды.
Экинчи жардыруу Пешевардагы мечиттердин биринде болду. Анда уранды алдында кеминде 40тай адам калганы кабарланып жатат.
Белужистандын бийлиги жардырууну жанкечти уюштурган болушу ыктымалдыгын, ал өзүн мечиттин жанында токтоп турган полициянын машинасынын жанында жардырышы мүмкүндүгүн билдирди.
Булак: Азаттык.