• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пакистанда элчилерди коштоп бара жаткан полициянын унаасы жарылды

23 Аяк оона 202412:15 Бишкек Govori.TV

Пакистандын Мингора шаарына жакын жерде элчилердин тобун коштоп бараткан полиция унаасынан мина жарылды.

Пакистандын тышкы иштер министрлиги полиция кызматкеринин өлүмү тууралуу кабарлады. Алар мина болжолдуу түрдө колго жасалганын такташкан. «Мындай аракеттер Пакистандын терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттенмесин өзгөртпөйт», — деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.

Жардыруудан улам бир полиция кызматкери каза болсо, экөө жарадар болгон. Элчилер жабыркаган эмес.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари кол салууну айыптады. Daily Pakistan гезити азырынча эч бир террордук топ жардыруу үчүн жоопкерчилик ала электигин жазды.

Малаканд округунун башкы инспекторунун орун басары Мухаммад Али Хан Dawn.com сайтына колоннада Индонезия, Португалия, Казакстан, Босния жана Герцеговина, Зимбабве, Руанда, Түркмөнстан, Вьетнам, Иран, Орусия жана Тажикстандан келген делегациялар болгонун айтты. Башка маалымат булактары колоннада Тажикстандын эмес, Өзбекстандын делегациясы болгонун жазышууда.

Количество просмотров: 90