• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пакистандагы кол салуудан он эки полиция каза болуп, алтоосу жарадар болду

24 Баш оона 20240:19 Бишкек Govori.TV

Бейшембиде Пакистандын чыгышындагы Пенжаб провинциясында кылмышкерлер тобу менен өтүп бараткан полиция кызматкерлерине кол салышкан. Бул тууралуу Sky News телеканалы 22-августта ИИМдин билдирүүсүн таянып маалымдады.

Маалыматтарга караганда, полициялар тобу менен кылмышкер менен күрөшүү операциясына баратышкан. Кылмышкерлер полиция кызматкерлерине ээн аймактан өтүп бара жатканда кол салышкан. Жыйынтыгында  12 полиция каза болуп, 6 полиция жарадар болгонун

Geo News телеканалынын кабарына караганда, кылмышкерлер ок атуучу куралдар жана гранатометтор менен кол салышкан.

Телеканал Пакистанда соңку жылдары согушчандардын кол салуулары көбөйгөнүн белгиледи. Пакистандын коопсуздук күчтөрү көбүнчө бандиттер байырлаган айыл аймактарда жана токойлуу аймактарда жашынган кылмышкерлерге каршы операцияларды жүргүзүшөт.

Количество просмотров: 118