• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Пакистанда кыргызстандык жаран коронавирустан каза болду

10 Чын куран 202022:58 Бишкек Govori.TV

Пакистанда Кыргызстандын 73 жаштагы жараны коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу 10-апрелде Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жаран коронавирустан өлгөнүн жергиликтүү «The News» басылмасы 9-апрелде жазган. Анда маркум «Таблиги жамааттын» мүчөсү болгону белгиленген. Басылма ошондой эле кыргызстандык жаран диабет менен жабыркап жүргөнү аныкталганын, 1-апрелде карантинден ооруканага которулганын да жазган. Маркум Райвинд шаарынан 60 чакырым аралыктагы Кала провинциясында карантинде турган.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө COVID-19 инфекциясын жугузган 31 кыргызстандык бар экенин 9-апрелде кабарлаган.

Количество просмотров: 115