• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Пакистанда сел бир үй-бүлөдөн 11 кишинин өмүрүн алды

31 Теке 20249:30 Бишкек Govori.TV

Пакистанда 30-июлда катуу жааган жаандан кийин сел жүргөн аймакта адам өмүрү кыйылганын, куткаруучулар суу каптаган жерлерде каза болгондордун сөөгүн издеп жатышканын «Машаал» радиосу билдирди.

Өзгөчө кооптуу абал түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жаралганы, ал жакта бир үй-бүлөдөн 11 киши набыт болгону, алтоо балдар, калгандары эки эркек жана үч аял экени маалымдалды.

Пакистанда июль айы башталгандан бери көпчүлүк аймактарда нөшөр жаан жаап, сел жүрүүдө.

Количество просмотров: 232