• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу селден тазаланып, каттам ачылды

5 Теке 202615:34 Бишкек Govori.TV

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 244–245-чакырым аралыгында тазалоо иштери толук аяктап, унаалар үчүн каттам кайрадан ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын техникалардын жардамы менен жол тазаланды. Учурда аталган тилкеде унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок.

Белгилей кетсек, күн мурун, 4-июлда Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Жеринде министрликтин Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан атайын техникалар ыкчам тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, өзгөчө тоолуу аймактарда этият болууга чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 13