• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Памирлик кыргыздарга үй салууга 10 миллион сом бөлүнөт

22 Жетинин айы 202214:26 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Памирден келген этникалык кыргыздарга үй куруу иштеринин биринчи айлампасында 10 миллион сом бөлүнөрүн билдирди. Ал бул тууралуу 21-ноябрда Чоң-Алайга Жогорку Кеңештин депутаттары менен барганда айтты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 95 үй салынат, учурда жер тилкелери бөлүнүп, башкы планы иштелип чыкты.

Ушул жылдын июль айында кыргыз өкмөтү Ооганстандан жалпысынан 1,5 миңдей этникалык кыргызды көчүрүп келерин билдирген. Анда 2022-24-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 400дөй үй-бүлө көчүрүлүп келери айтылган.

Количество просмотров: 108