• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга чет жерден 20 миңден ашык жаран кайтарылды

7 Теке 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга чет жерден учак жана автобустар менен 20 миң 638 жаран кайтарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Россия, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Шри-Ланка, Малайзия, Иран, Индонезия ж.б. мамлекеттерден алынып келген.

“Чет жердеги жарандарды кайтаруу боюнча жумуштар улантылат. Жакын арада Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Дубай, Стамбулдан чаттердик каттамдар уюштурулат”, — деди ал.

Количество просмотров: 56