• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Панфилов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

14 Жалган куран 202317:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-мартта Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин ортосундагы бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Бул тилкеде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолду капиталдык оңдоодон өткөрөт. Белгилей кетсек, ирригация орнотуу, батыш тарабындагы тротуарды иретке келтирүү менен толук реконструкциялоо каралууда.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга сабырдуулук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Количество просмотров: 491