• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Панфилов көчөсү автоунаалардын кыймылы үчүн убактылуу эки тараптуу болот

13 Баш оона 20218:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсү автоунаалардын кыймылы үчүн убактылуу эки тараптуу болот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул Кулатов көчөсүндөгү реконструкциялоо иштери менен байланыштуу.

Кулатов көчөсүнүн Каракул — Байтик баатыр көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси оңдолуп жатат. Мындан улам Логвиненко көчөсүнүн Лей Толстой — Кулатов көчөсүндөгү аралыгы убактылуу жабык болуп, Панфилов көчөсүнүн Лев Толстой — Кулатов көчөсүндөгү тилкеси ачык болот.

Оңдоо иштери «Бишкектин жол-көчө тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы менен жүрүп жатат. Бул Кытайдын грантынан каржыланууда.

Количество просмотров: 166