• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Панфилов паркында кафе өрттөндү

25 Бугу 2022 8:57 Бишкек Govori.TV

Маалыматка ылайык, бүгүн Биринчи Май районунун, Панфилов сейил бактын аймагында жайгашкан «Панорама» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 07:12де чектөөгө алынып, толук саат 08:26да өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 193