• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Панфилов паркында өрт чыгып, зоопарктагы жаныбарлар өрттөнүп кетти

16 Бугу 201910:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Кечээ, 15-майда Бишкекте жайгашкан Панфилов паркында өрт чыгып, кафе жана чакан зоопарк өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-16-майга караган түнү болгон, өрт чыккан жерге 4 өрт өчүрүүчү бригада барган. «Живая экзотика» зоопаркындагы жаныбарлардын баары өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоо 3:32де толугу менен өчүрүлгөн.

«Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар иликтенүүдө, толугураак маалымат дагы берилет»,-деп кошумчалашты мекемеден.

Количество просмотров: 23