• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Панорамадагы куураган чөптөн чыккан өрт 10 гектарды түзөт

23 Теке 20249:35 Бишкек Govori.TV

Кечээ, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан а/а караштуу Панораманын аймагында ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 19:58де Бишкек шаардык №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 20:19да Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 8 адам тартылган. 21:23тө өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 10 гектарды түзөт. Бактыга жараша, өрттөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 212