• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Пара алып кармалган прокурордун жардамчысы эки айга камакка алынды

27 Бугу 2020 11:30 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунун прокурорунун 150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды.

Мындай чечим 24-майда чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Атайын кызмат Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 22-май күнү 150 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөнүн билдирген. Маалыматка ылайык, ал арыз ээсинин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн андан 2 миң доллар талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Количество просмотров: 49