ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ош шаарында милиция кызматкерине пара сунуштап акча каражатын берген жаран кармалып, ага карата «пара берүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.
«18-февралда Ош шаарынын тургуну кылмыш иши боюнча камалган адамдын бөгөт кою чарасын жеңилдетүү үчүн милиция кызматкерине пара сунуштап жатканы аныкталган. Милиция кызматкери Ош ШИИБтин Тергөө кызматына билдирүү менен кайрылып, аталган жаранга карата кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 2025-жылдын 20-февраль күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп, Ош шаары жана Ош облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматтык иш бөлмөсүндө Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран милиция кызматкерине 870 000 сом акча пара берген жеринен кармалды», — деп жазылат маалыматта.
Кармалган А.А. аттуу жаран убактылуу кармоо жайын киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.