• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Пара талап кылуу боюнча издөөдө жүргөн УКТнын мүчөсү кармалды

22 Бирдин айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун ИИББнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте пара талап кылуу боюнча издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-февралында КР УКМК жана Чүй облусунун ИИББ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси, ири суммадагы акча каражатын талап кылуу жана 170-беренеси, адам уурдоо фактылары боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде мурда издөөдө жүргөн Кыргызстандын 1991-жылы туулган А.у.О., аттуу жараны Бишкек шаарынан кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин М.Д.Б., аттуу жаран КР УКМКга аны физикалык күч колдонуу менен шаардын четинде жайгашкан Байтик айылына алып чыгып, Бишкек шаарынын Ош базарындагы сатуучу жайын талап кылып ур токмоко алгандыгы туралуу уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнө чара көрүү боюнча кат жүзүндө кайрылган.

2020-жылдын аягында О.у.А., издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. 2022-жылдын 21-февралында Чүй облусунун ИИББнын маалыматына ылайык жогоруда издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Кармалган О.у.А., КРнын ЮМ караштуу Жаза аткаруу кызматынын №1-тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 496