Парижде сот тергөө бүткөнгө чейин Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү жана миллиардер Павел Дуровдун бардык паспортторун алып койду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Париждин жана Ниццанын адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Ирина Сидоровага шилтеме кылып кабарлады.
Буга чейин Liberation басылмасы Париж прокуратурасынын билдирүүсүнө таянып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган Дуровдун «бардык паспорттору алынарын» жазган. Дуровдо Орусиянын, Франциянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Сент-Китс жана Невистин жарандыктары бар.
Сидорованын айтымында, эгер Дуров Франциянын аймагынан чыгууга аракет кылса, ал кайра камакка алынышы мүмкүн.
Париж соту Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон. Ошондой эле ал күрөөгө беш миллион евро коюуга жана жумасына эки жолу полицияга барып турууга милдеттендирилген.
Дуров Париждин четиндеги «Ле-Бурже» аэропортунда 24-августта Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган.