• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Парктагы кырсыктан кийин механикалык аттракциондордун иши токтотулду

1 Чын куран 202514:58 Бишкек Govori.TV

Панфилов паркындагы кырсыктан кийин механикалык аттракциондордун баарынын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, учурда бардык аттракциондордун техникалык абалын тыкыр текшерүү иштери жүрүп жатат. Алардын иши коопсуздугу текшерилгенден кийин гана жанданарын билдирди.

Ал эми кыз кулап түшкөн аттракциондун ээси 35 миң сом айыпга жыгылган.

Количество просмотров: 212