1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ачылыш саат 10:00дө башталат.
30-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланган.