Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.
Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышты. Жыйын 22:00гө чукулдап аяктады.
2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151 млрд. 762,4 миллион сомду түзүп, анын чыгашасы 161 млрд. 913 миллион сомго барабар болду. Парламент 2017-2018-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетун угуп, аны бир катар сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп тапты.
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүнүн санын кыскартууну 1-окууда колдоду
Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү …