• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта мектеп курууда бюджеттен 4 млн сом негизсиз төлөнгөнү аныкталды

2 Кулжа 202617:35 Бишкек Govori.TV

Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Мунун кесепетинен подряддык уюмга бюджеттен 4 млн 200 миң сом негизсиз төлөнүп берилген.

Бул мамлекетке зыян келтирүү фактысы боюнча облустук прокуратура тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык беренелери менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 114