• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Касымалиев: 2025-жылы бюджет 1 трлн сомдон ашты

27 Бирдин айы 202612:22 Бишкек Govori.TV

«Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүп жатат.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.

Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин көлөмү 1 трлн 101,4 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 392,5 млрд сомго көп. Республикалык бюджеттин мындай өсүшү ички дүң продукциянын (ИДП) жогорулашы жана салыктык башкаруунун жакшыртылышы менен камсыз болду.

«Эгерде 2020-жылы салыктык түшүүлөр 78 млрд сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 304,3 млрд сомго жетти», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле район акимдери катышууда.

Количество просмотров: 138