• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Парламент кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени эртең карайт

18 Аяк оона 2019 13:40 Бишкек Govori.TV

16-сентябрда орун алган чыр боюнча маселеси парламентте бүгүн саат 14:00дө каралмак. Бирок, төрага Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени эртең, 19-сентябрда кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда ЖКнын жалпы жыйынында билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Өкмөт башчы түштөн кийин бошоп калат экен. Толук маалыматты эртең алсак туура болот, — деди ал.

Ал эми бул сунушту 61 депутат колдоп, бул маселе эртең каралмай болду.

Эске салсак, 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, эки өлкөнүн төрт аскери курман болду.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөштү.

Количество просмотров: 40