Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV
Парламент жашыруун бюллетен менен добуш берүү аркылуу Кыдык Жунушбаевди 70 добуш жана Нургүл Бакированы 82 добуш менен Жогорку Соттун судьялыгына шайлашты. Ошону менен бирге эле Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкуловдордун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен өтпөй калды.
Эске сала кетсек, Ирина Воронцова, Айдарбек Алымкуловдор Жарандык коом өкүлдөрүнүн кара тизмесине кирген, репутациясы бузулган, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып, бийликтин саясий буюртмаларын аткарган соттор катары аталып келет.