Бишкек. 29.05. 2018. Govori.TV
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева «Apolitical» сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди.
Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун Аялдар программасынын аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкука, Швециянын тышкы иштер министри Маргот Уалстром жана башкалар кирген.
Белгилей кетсек, «Apolitical.co» деген сайт дүйнөдөгү коомдук ишмерлердин, лидерлердин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат.