• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Парламентке келе элек жаткан Текебаев президенттин тактысына умтулду

20 Жетинин айы 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев президент болуу ниети бар экенин жарыялады. Бул тууралуу пикири анын соцтармактагы баракчасына жазылган.

«Мен Кыргызстандын президенти болуу ниетимди силерге бүгүн ушул жерде жарыялайм. Бул менин жеке чечимим эмес. Бул эл менен кеңешкенден кийинки партиянын чечими. Анткени, биз өлкө үчүн, анын келечеги үчүн жоопкербиз. Жарым жолдо таштап койгонго укугубуз жок.

Бүгүнкү парламенттик шайлоо мындан беш жылдан кийинки боло турган президенттик шайлоо кампаниясынын башталышы. Биз бүгүн 5 жылдык шайлоо кампаниясын баштадык. Биз 5 жылдан кийинки боло турган президенттик шайлоого камданабыз. Бирок, 5 жыл деп күтүп отура бербестен, кезексиз шайлоо болуп кетсе да, эртең да, бүрсүгүнү да даяр турушубуз керек. Бул жолу биз өзүбүздүн жеңишибизди коргошубуз, сакташыбыз керек», — деп жазылган билдирүүдө.

Учурда Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп, үгүт иштерин аткарууда.

Количество просмотров: 6082