• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламентте Каныбек Осмоналиевди үй камагына чыгаруу боюнча маселе көтөрүлдү

21 Бугу 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майда депутат Зиядин Жамалдинов парламент жыйынында экс-депутат Каныбек Осмоналиевди үй камагына чыгаруу боюнча маселени көтөрдү.

«Март айында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн. Митингде модератор болгон Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, камакта жатат. Аны үй камагына чыгарып койсо болбойбу? Ал модератор эле болгон, эч кандай коркунуч келтирген эмес», — деди Жамалдинов.

Ал эми Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын бөгөт чарасын өзгөрткөнгө негиз жок экенин айтты.

«Кылмыш иши боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал жерде Осмоналиев гана эмес, башка 5-6 адам жоопко тартылган. Тергөө органы бүгүнкү күндө иштин жагдайларын кароодо. Анын бөгөт чарасын өзгөрткөнгө негиз жок», — деди Жамшитов.

Количество просмотров: 151