• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Парламентте «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам колдоо тапты

16 Жалган куран 2023 16:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Данияр Төлөнов, Дастанбек Жумабеков, Марат Мураталиев, Гүлкан Молдобекова жана Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. 

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча 50 депутаттан 200дөн ашык, ал эми Экономика жана коммерция министрлигинен 100дөн ашык сунуштар келип түшкөн.

“Бизнес өкүлдөрүнөн да 59 сунуш түшүп, анын 20сы кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт: биринчиден, чек арадагы куралдуу жаңжалдардан жабыркаган ишкерлердин салык карыздарын кечүү, экинчиден, товарды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык каражаты 8 млн сомго чейин болуп, кассалык аппаратты колдонуу талаптарына жооп берген чакан ишканалар үчүн мөөнөтсүз салык төлөөдөн бошотуу”, — деген комитет төрагасы башка сунуштарга да учкай токтолду.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кошумчалагандай, мыйзам долбоору контролдук кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында, салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди салыктарды төлөөдөн бошотууну карайт.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев бул биргелешкен мыйзам долбоору экенин белгилеп, кандай концептуалдык өзгөртүүлөр сунушталып жатканына кызыкты. Өз кезегинде Данияр Амангелдиев маалымдагандай, документте Данияр Төлөновдун баяндамасында айтылган өзгөртүүлөрдөн тышкары, экономиканын тармактарын, анын ичинде айыл чарбасын, креативдүү жана IT-индустриянын курулушун колдоого багытталган нормалар камтылган.

Ал эми эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков салык саясатын ишке ашырууда тандалма мамиле болбошу керектигин белгилеп, салык төлөөчүлөрдүн укугун коргоо маселесине көңүл бурду. «Алсак, салык инспекциясы жөнөкөй жарандардан салык алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушса айрым колунда бар салык төлөөчүлөргө анчалык басым кылышпайт», — деди депутат.

Мындан тышкары, депутат Эмил Жамгырчиев, салык реформасынын максаты ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу экенин айтып, чектерди талап кылуу максатында масштабдуу кызыктыруучу акцияларды өткөрүүнү сунуштады. “Мисалы, салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” аталышындагы шыктандыруучу лотереясы глобалдык масштабга ээ болгон эмес. Буга байланыштуу мен уюлдук операторлор жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте кассалык чектерди талап кылууга түрткү берүүчү жана калктын жарандык активдүүлүгүн, салыктык сабаттуулугун өркүндөтүүчү акцияларды өткөрүүнү сунуштайм. Бул аракеттер көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга, бюджетти толтурууга жакшы өбөлгө түзөт”, — деди Эмил Жамгырчиев.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле резидент эместердин статусун тактоо маселелерин көтөрсө, депутат Мирлан Самыйкожо электрондук товардык-транспорттук кагаздарды (ЭТТН) колдонуудагы кыйынчылыктарды жоюуга чакырды.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Ошондой эле депутат Марлен Маматалиевдин ЭТТН боюнча ишкерлерге карата айып пулдарды 1 жылдык мөөнөткө колдонбой туруу боюнча сунушу колдоо тапты.

Количество просмотров: 18