• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Парламенттеги 8 комитеттин төрагаларынын орун басарлыгына кимдер сунушталды?

13 Үчтүн айы 2022 15:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутаттар парламент комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлат.

8 комитеттин төрагаларынын орун басарлыгына талапкерлер:

  • Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине — Айбек Осмонов, Чолпон Султанбекова, Нурлан Азыгалиев;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине — Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов;
  • Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине — Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажибаев, Замирбек Мамасадыков;
  • Каржы, экономика, фискалдык саясат комитетине — Өмүрбек Бакиров, Балбак Түлөбаев, Айсана Абдибаева, Дастан Бекешев;
  • Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетине — Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ызат кызы Аида, Руслан Жакышов;
  • Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине — Искендер Матраимов, Шарапаткан Мажитова;
  • Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине — Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине — Миргүл Темирбаева, Жаныбек Кыдыкбаев.

Эске салсак, 12-январда Жогорку Кеңештеги 8 комитеттин төрагалары шайланган болчу.

Количество просмотров: 153