• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Парламенттик угууда пенсиялык системаны реформалоо маселеси талкууланууда

11 Чын куран 202212:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган тиешелүү министрликтердин, жарандык коомдордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйынды алып барган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова пенсия чегерүү, анын көлөмү, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармактарында көйгөйлөр арбын экенин белгилеп, парламенттик угуу алкагында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын кошумчалады.

Ал эми Эдиль Байсалов Президент тарабынан Министрлер кабинетине калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык жактан колдоо жана ден-соолугун коргоо боюнча бир катар милдеттемелер коюлганын эске салып: “Бул багытта иштер колго алынып, социалдык жөлөк пулдардын көлөмүн көбөйтүү жана социалдык чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин маянасын жогорулатуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.

Андан соң Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева баяндама жасап: “Республика боюнча пенсия алгандардын көбү Ош облусунда. Тагыраагы, 141 686 жаран пенсия алат. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Чүй облустары турат. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Бишкек шаарынын тургундары көп чегерет”,– деп маалымдады.

Ошондой эле көмүскө жүргүзүлгөн аракеттер тууралуу да сөз кылган Гүлнура Жуматаева: “Көпчүлүк жеке ишкерлер кызматкерлеринин, жумушчуларынын санын толук көрсөтпөй, социалдык жана башка салыктык төлөмдөрдү жүргүзбөстөн көмүскө иш алып барат. Натыйжада иштегендер келечекте медициналык тейлөөдөн жана пенсиядан куру калуу коркунучу бар. Алсак, мейманкалардын 88%ы, транспорт-жүктөрдү сактоо тармагындагылардын 81%ы, дүң жана чекене соода жүргүзгөндөрдүн 86%ы, курулуш тармагындагылардын 94%ы, айыл чарба тармагындагылардын 78%ы, кайра иштетүү тармагындагылардын 76%ы көмүскөдө же формалдуу эмес иш алып барышат”, – деди.

Мындан тышкары, пенсиянын көлөмү жана томтомо бөлүгү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп: “Канчалык камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төлөсөң, ошончолук жогору өлчөмдөгү пенсия чегерилет”,– деп кошумчалады.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Количество просмотров: 1015