• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Парламенттин төрагасы Түркияга иш сапары менен барды

27 Чын куран 202311:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңешитин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркияга иш сапары менен барды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышат.

Эскерте кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов жана Айбек Осмонов бар.

Количество просмотров: 66